Маратик аты менен таанылган "Азия Микс" КВН командасынын оюнчусу Марат Жуманазаров бүгүн, 21-август жума күнү шаардагы мечиттердин ачылбай жаткандыгына нааразычылыгын билдирди. Бул тууралдуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Бардык жерлер ачылып, мечиттер ачылбай жатат. Ушундай жуманын ыйык күнүндө бул жабык турган дарбазалар адамдын көңүлүн түшүрөт. Ушундай сонун жерлер жабык бойдон турат", - деп жазган ал.
Мындан тышкары Марат Жуманазаров "Мечиттердин ачылышы үчүн канча төлөш керек", - деген жазуусу бар плакатты кармап алган.
"Мечиттер качан ачылат" деген суроо менен Муфтиятка байланышканыбызда бул маселе учурда каралып жатканын билдиришти.