Биз социалдык тармакта

270 кишиден турган дарыгерлердин тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

270 кишиден турган дарыгерлердин тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алар Бишкек, Талас, Нарын облустарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө салымын кошкон адистер.

"Илдеттин очогунда иштеген саламаттыкты сактоо тармагынын бардык адистерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилип жатат. Дээрлик 2 миңден ашык кызматкер ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы", - деп билдирди саламаттыкты сактоону өнүктүрүү борборунун адиси Замирбек Акаев.

Жолдомого ээ болгон саламаттыкты сактоо тармагынын адистери "Алтын-Жай" жана "Эне-Сай" пансионаттарында бир апта эс алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан