Биз социалдык тармакта

"Турар" басмаканасын түптөгөн Тилек Мураталиев 60 жаш курагында көз жумду

"Турар" басмаканасын түптөгөн Тилек Мураталиев 60 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Мураталиев 1960-жылы Нарындын Кочкор районундагы Кызыл-Дөбө айылында төрөлгөн. 1977-жылы Кыргыз улуттук университеттин география факультетине кабыл алынып, эмгек жолун ушул факультетте мугалим болуу менен баштаган.

1990-жылдардын башында кагаз жана полиграфия тармагындагы ишкерлик менен алектене баштаган.

1996-жылы "Турар" басмаканасын негиздеген. 2016-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган.

Маркумдун артында 4 баласы калды. Тилек Мураталиев акыркы сапарга эртең, 22-августта Кызыл-Дөбө айылында узатылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан