Биз социалдык тармакта

Республика боюнча саламаттыкты сактоонун 5 объектисинин курулушу, 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери толук кандуу аткарылууда

Бүгүнкү күндө республика боюнча саламаттыкты сактоонун 5 объектисинин курулушу жана 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери толук кандуу аткарылууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бардык 14 саламаттыкты сактоо объектилеринин каржылоосу ачык. Куруу жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерине саламаттыкты сактоонун 14 объектисине жалпы 187 миллион сом каржылоо ачылган.

Бүгүнкү күндө республика боюнча саламаттыкты сактоонун 5 объектисинин курулушу жана 9 оорукананын капиталдык оңдоо иштери толук кандуу аткарылууда.

2 курулуш объектиси республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Ал эми "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" Кыргыз фонду эсебинен Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында инфекциялык ооруканалардын жаңы 3 имаратын куруу жана республика боюнча 9 объектти капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары каржыланууда.

Сентябрь айында 12 объектти аяктоо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан