Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 2020-жылдын январь-июль айлары үчүн 76,3 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, план 89,6 пайызга аткарылды же 8,9 миллиард сом мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшкөн жок. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешелери 10,1 пайызга же 8,6 миллиард сомго азайган.