Биз социалдык тармакта

Бүгүн Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 22-августта Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 05:24тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3 балл, Эгин-Жай айылында 2 жарым баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан