Биз социалдык тармакта

Транспорт, турак-жай жана жер салыктарын кантип жана кайдан төлөөгө болот? Жооп

Салыктарды салык органына барбай эле онлайн ыкмаларын колдонуу менен төлөөгө болот. Булар бардык банк мекемелериндеги кассалар, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номуру жана салыктын суммасы, турак-жай салыгы жана жер салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИСНи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин турак-жай, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Салыктардын суммасын www.sti.gov.kg сайтындагы электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептеп алууга болот.

Кеңири маалыматты 1 миң 240 номуру же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
molorbaev
2020-08-23 08:03:17
Керектуу маалыматты 1 мин 240 номуру аркылуу дейт. Ушундай да номер болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан