Биз социалдык тармакта

Кубатбек Боронов: Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес

Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында "Таза суу" долбоору менен таанышкан учурда билдирген.

Билдирүүгө ылайык, суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 7 миң киши жашаган Дархан айылындагы суу системи 2003-жылы реабилитациядан өткөн.

"Калктын саны өсүп жатканына байланыштуу кошумча суу түтүктөрүн тартылууда. Буга чейин суу булактан түз тартылып келген. Ал соолуп калгандыгына байланыштуу суу бургалоочу жай курулду. Ушул жылдын сентябрь айынын аягында бардык иштер толугу менен бүткөрүлөт", - деди Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момунов.

Премьер-министр жылдын аягына чейин өлкө боюнча 79 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болорун белгиледи.

"Калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Бул багытта бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө", - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы "Таза суу" долбоору боюнча курулуп жаткан жана курула турган суу курулмаларынын сапатына көңүл буруу керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sainazarov0555
2020-08-22 17:40:46
Таза суу менен туризимдин кандай байланышы бар ?
0
Mintip-menu-suybo
2020-08-23 10:21:06
Чыгарган суулары жайында чыкпайт, кышында чыгат булардын. Элдер огородторун суугарышып алышат, анан жетпейт баарына...Чыкпай калат...
0
basyz-kaman
2020-08-23 15:03:05
"Алма быш оозума түш" дегендер көбөйдү үйүндө жатып алып ар кимди жамандагандар. Жакшы ишин жакшы деш керек жаман ишин жаман деш керек да.
0
basyz-kaman
2020-08-23 15:05:34
Таза суусу бар, табияты соонун, баардык шарты бар жерге келет да турист деген. Кандай байланышы экенин билбегендерге...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан