Казакстандын Алматы шаарында 16-сентябрь күнү башталган өспүрүмдөр арасындагы III Евразия оюндарында кыргызстандык спортчулар 16 медаль жеңди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет. Кыргызстандык спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 13 коло медаль менен жалпы медалдык көрсөткүчтө 4-орунда. Ал эми биринчиде Орусия, экинчиде Казакстан жана үчүнчүдө Тажикстан командасы келе жатат.