Эргул тарабынан аёосуз сабалган аксакал 81 жашта. Ош ОИИБи окуя тууралуу маалымат берди

Буга чейин аксакалды бетке тээп, кийин жыгылта тээп, аёосуз сабаган эргулдун видеосу жарыяланган болчу. Бирок окуя кайда болгону белгисиз эле. SUPER.KG порталы ИИМдин маалымат кызматына байланышып, видеонун чоо-жайын сурады. Окуя тууралуу Ош ОИИБи жооп берди.

Маалыматка ылайык, окуя 14-август күнү болгон. Бирок карыя ооруканага андан төрт күн өтүп кайрылган.

"Ушул жылдын 18-август күнү болжол менен саат 13:15 чамасында Кара-Суу районунун Кыдырша айылынын тургуну, 1939-жылы туулган И.С. аттуу карыя денесинен жаракат алып райондук ооруканага кайрылган. Аталган факт Кара-Суу РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү менен катталды.

Ыкчам тергөө окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жерде жайгашкан дүкөндүн видеотасмасы алынып, ишке буюм далили катарында тиркелип, К.И.нин денесинен алган жаракатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Андан сырткары жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде К.И.ни себепсиз урган Кара-Суу шаарынын тургуну 1984-жылы туулган М.Т. экендиги аныкталып, анын жүргөн жерин аныктоо максатында Ош ОИИБнин Алай, Чоң Алай, Кара-Кулжа Араван жана Өзгөн РИИБине багыттамалар жиберилип, тиешелүү кызматтарга атайын тапшырмалар берилди.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча, шектүү дудук экендиги жана учурда Бишкек шаарында жүргөндүгү аныкталды. Карыя ооруканага окуядан төрт күн өтүп кайрылып, милицияга маалымат 18-август күнү келди. Сотко чейинки өндүрүш иш боюнча окуяны көргөн-билген адамдар суракка алынып, шектүүнү кармоо үчүн тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Калпакчан аксакалды аёосуз сабаган эргул
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
katerina.li
2020-08-23 00:01:56
Кармап озун да аесуз сабаса корот анан
+8
Ruslan-Gaparov
2020-08-23 00:20:49
омур бойуга камаш керек улгайган аксакалды сабаган жетим
+12
Sherlok-Helms
2020-08-23 00:45:21
Энең аксакалдын балдарынын колуна түшсөң өлдүм дейбер
+14
Agayu
2020-08-23 01:54:35
Биз мындай видеолорго жаман пикир жазабыз , жазып келгенбиз .Бутун сынгыр колун сынгыр дегендей.Келгиле эми ар бирибиз да түшүнөйлү , ким жаман иш кылды ал өз азабын тартат.Мыйзам тарабынан болсун , куран тарабынан болсун.Азыр 21 Кылым баары бар керек болсо өнүккөн заманда жашап жатабыз .Жаман ишти кылбайлы достор .Жамандык арты жаман .Колдон келсе жакшылык жасайлы , келбесе жамандык жасабайлы.
+6
TalaCSKA
2020-08-23 15:45:20
Ары жакта карап турган адамдар эмнеге келип болуштуруп койбойт?бир курактагы жаштар болсо мейли карап турса 80 жаштагы аксакалды сабап жатса вообще реакция жокко.ошолорду да жоопко тартыш керек за бездействие статья бар!
+6
Asanali
2020-08-23 23:00:12
Дудук болсо, озуну да ошондой сабаш керек, уну оозунан чыгып кеткенге чейин. Атандан чон аксакал эле балким. Атандай адамга кантип кол котордун экен, акмак.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан