Шайлоого карата. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулганын президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жарыялады. Ага ылайык, буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Субаналиев Өмүрбек Исаковичтин кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду. Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 2020-жылдын 22-августунан тартып шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулду", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан