Биз социалдык тармакта

Көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн. Муфтият Штабдан мечиттердин ишин жандантууга уруксат берүүнү өтүндү

22-августта Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аларга жарандардан мечиттердин ишин жандандыруу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келип түшкөндүгүн билдирген. Комиссия жетекчиси Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы диний мекемелердеги тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын такыр сакталышын камсыздоо боюнча милдеттенмени өзүнө алууга даяр экенин айтты.

"Талкуу жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков Саламаттык сактоо министрлигине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Мусулмандар дин башкармалыгы менен биргеликте кыска мөөнөттө тийиштүү санитардык коопсуздук алгоритмин иштеп чыгууну, андан соң иштелип чыккан алгоритмге ылайык санитардык-гигиеналык нормалардын так сакталышын эске алуу менен диний мекемелердин ишин жандандырууга уруксаат берүү жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dolbooruwka
2020-08-23 06:47:15
Ыйманы пастар качан акылына келишет булар ой тообо,машина базарларды ачардан мурда ыйманыбызды толуктаган жараткандын уйун ачайлы дейишпейби!
+8
i1urp
2020-08-23 12:21:38
Намазга уруксат берилсе кайрадан вирус каптап, эл кырылабы. Муфтият эл арасында сокур фанатизмди жайылтканы аз келгенсип, эми фирусту да жайылтабы. Калп эл эл суранып жатат деп чыгара беришеби. Кичине башкалардын да жашоосун ойлоп койсонор.
-4
al-abu-kinesz
2020-08-23 23:39:12
i1urp, Мечитке барып тур.
+1
sinej
2020-08-23 12:30:06
Таң атпай азан кыйкырып элдин тынчын алган молдолор онолбойт экенсинер го. Жэ арабча кыйкырыктан элибиз бактылуу болуп кетет бекен. Ашкере фанатизм вирустан да жаман аны коруп жатабыз.
-4
zamir_kgz
2020-08-23 13:21:54
sinej,ылайым сенда азан айтып кал кунуно 5 маал
+1
urmat94
2020-08-23 14:27:35
sinej,Ылайым азандын унуно зар болуп кал
0
al-abu-kinesz
2020-08-23 23:40:24
sinej, Балдарындын кулагына азан айттырганды унутпа.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан