Биз социалдык тармакта

"Коронавирустан итибизден бери коркуп калды" дейт Түштүк Кореяда иштеген Жылдыз айым

SUPER.KG порталынын элдик кабар бөлүмүнө Түштүк Кореянын Кванжу шаарында иштеген Жылдыз айым кайрылды. Анын айтымында, учурда Түштүк Кореяда коронавирус инфекциясы кооптуу болуп жатат жана уюлдук телефондорго саат сайын эскертүүлөр келип турат.

"Менин атым Жылдыз. 31 жаштамын. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан болом. Түштүк Кореяга келгениме 3 жылдан ашып калды. Келгенден бери кафеде иштеп жатам. Карантин киргизилгенден бери бизге аябай жаман болуп жатат. Кафеге ар кандай адамдар келет экен. Кимисинде вирус бар же жогун билбей, аман-эсен бала-чакабызга жетели деп иштеп жүрөбүз.

Бул жакта коронавируска карата катуу чаралар киргизилген. Мен иштеген жерди эле айтсам, кардар тамак келгенче бет капсыз отурса айып салынат. Уюлдук телефонубузга аябай көп эскертүүлөр келип жатат. Бүгүн, 23-августтан баштап Кванжу шаарындагы коомдук жайлар жабылат деп дагы айтып жатышат. Сыналгыдан коронавирус жөнүндө гана берип калышты. Бул жактын эли аябай бир нерсеге кылдат мамиле кылгандыктан, үйдөн чыкпагыла десе жымжырт болуп калат.

Кудайга шүгүр. Өлкөбүздө абал турукташып калды деп угуп жатабыз. Кыргыз элим баарыңыздар аман болуңуздар. Түштүк Кореядан салам!", - деген Жылдыз айым.

"Коронавирустан итибизден бери коркуп калды" дейт Түштүк Кореяда иштеген Жылдыз айым
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
D.I.D.
2020-08-23 14:01:02
Камсамида.Кореяга салам!Мен да 3 жыл мурун Кореяга иштегенге тест тапшыргам,1-чисинен өтүп,2-чисинен өтпөй калгам.Корей тилинде окуганды,анча-мынча сөздөрдү түшүнгөндү билем.EPS Topikтен өтпөй калгандан кийин үмүт үзүлдү,азыр аякка баргым келбейт.Англис тилин үйрөнүп жатам азыркы убакта.Мүмкүн Европага барып калаармын
0
ZUXRIDDIN20
2020-08-23 14:03:38
Мен дагы барам буюрса Кореяга
0
kamchatka
2020-08-23 14:31:47
Эми келе албайсынарго Кореяга
+3
D.I.D.
2020-08-23 15:47:18
kamchatka,Неге?
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-08-24 07:31:45
Коронавирустан иттин шорпосу айыктырат дегенди угуп калса керек да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан