Бүгүн, 23-августта "Манас" эл аралык аэропортунда «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 236 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде 18 жаш бала да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Каттам менен өлкөгө төрөтү жакындап калган кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле кайтууга муктаж болгон жарандар (оор илдети барлар, хирургиялык операция жасаткандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кабылган жарандар) учуп келди.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү иштери улантылууда.