Түркиянын Коджаэли шаарында 20 жашка чейинкилер арасында шахмат боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады. Мелдешке Кыргызстандык спортчулар катышууда. 4-турдун жыйынтыгы боюнча эркектер арасында Жохар Жанбай уулу 2 упай менен 63-орунда, кыздар арасында Айжаркын Шынгыс кызы 2 упай менен 46-орунда жана Айжан Алымбай кызы 1 упай менен 63-орунда келе жатат.