Депутат Зиядин Жамалдинов мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
"Башка партия менен парламенттик шайлоого аттанганы жатам. Шайлоого депутаттык макамы жок барайын деп чечтим. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен шайлоого аттанам", - деди ал.
Зиядин Жамалдинов "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат.
Күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга бел байлаган Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкен.