Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында жалпы аянты 192 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өрт Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан Ачык-Суу айылында орун алган. Анын себеби жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү болгон. Өрттүн кесепетинен бир турак үй толугу менен күйүп, андан кийин ал жанында жайгашкан №5 үйгө өтүп, жыгач устундуу шифер менен жабылган чатырдын 121 чарчы метр аянты күйгөн", - деп жазылат маалыматта.