"Жаңы бот менен!". Globus акылдуу Telegram-ботту ишке киргизди

Таанышыңыздар - Telegram-бот Globus дүкөнү. Жөнөкөй жана ыкчам ассистент Globus дүкөндөр тармагынан сатып алууларды жүргүзүп, сиздин убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөөгө жардам берет.

Бул чакан виртуалдык жардамчы смартфондо "жашайт", экранды бир жолу эле басуу менен сизге сактык картасын көрсөтүп, арзандатуулардын жеке каталогун тандап, ал тургай жакынкы дүкөндү табууга жардамдашат!

Globus дүкөнүнөн бот колдонууда ушунчалык жөнөкөй болгондуктан, аны интернеттин такыр тажрыйбасы жок колдонуучусу да пайдалана алат. Болгону - смартфонго Telegram тиркемесин орнотуп, издөө менюсуна @globuskgbot деген сөздү жазуу керек.

Виртуалдык жардамчынын сиз менен таанышуу процедурасына аз гана убакыт кетет "авторизоваться" баскычын эле басуу бардык кызматтарды жеткиликтүү кылат. Ошентип жасалма интеллект менен эмне жөнүндө сүйлөшүүгө болот?

АРЗАНДАТУУЛАР ЖӨНҮНДӨ: менюдан "менин арзандатууларым" операциясын басуу менен сиздин мурунку сатып алууларыңыз эске алынып, атайын жеке сиз үчүн тандалган акция болуп жаткан товарлардын тизмесине ээ болосуз. Ошондой эле бот Globus дүкөндөрүнүн негизги Telegram каналына шилтеме берет. Ал жакта жалпы арзандатуулар жөнүндө жана "күндүн товарлары" деп аталган акциялар жөнүндө маалыматтар берилип турат. Мындай ири арзандатуулар сактык картасы барларга гана жүргүзүлөт.

БОНУСТАР ЖӨНҮНДӨ: акылдуу жардамчы сиздин картаңызда канча бонус бар экендигин да айтып берет. Бул эгерде сиз сатып алган товарлардын кайсы бир бөлүгүнө топтолгон бонустар менен төлөгүңүз келип бирок канча бонусуңуз бар экенин билбей жаткан учурда ыңгайлуу. Эми "менин балансым" суроосун басып эле койсоңуз - ал тууралуу маалыматтар экранга чыгып калат.

Бот ВИРТУАЛДЫК САКТЫК КАРТАСЫ да болуп бере алат! Бул өтө ыңгайлуу функция, эми сиздин картаңыз ар дайым жаныңызда. "Менин картам" менюсун бассаңыз, сиз графикалык QR-кодду аласыз. Пластик картасынын ордуна кассирге QR-кодду эле көрсөтсөңүз - бардык арзандатуулар жана бонустар жеткиликтүү болот.

ДҮКӨНДӨР менюсу жакын кайсы жерде Globus дүкөндөрү бар дегенге ыңгайлашкан. Бир нече секунд аралыгында эле сизге дүкөндөрдүн геолокациялары жөнөтүлөт, албетте сиздин смартфонуңузда GPS кызматы бар болсо.

"Жакынкы убакта биз ботту керектөөчүлөрдүн дагы башка суроолоруна да жооп берүүгө үйрөтөбүз. Бул биздин өнүгүү зонабыз", - деди маркетинг департаментинин башкы менеджери Роман Захаров.

Азырынча жеке виртуалдык ассистенттин базалык функциялары Globus дүкөндөр тармагындагы күн сайынкы сатып алуулар ыңгайлуу жана пайдалуу болушуна жетиштүү. Сиз албете Globus - бул арзан баадагы дүкөн экенин эсиңизден чыгарбайсыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан