Биз социалдык тармакта

"Куураган бак-дарак, таштандыга толгон сейил бак". Мэрия Маданият министрлигине айып пул салды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Анда министрликтин аймагына кирген Кычан Жакыпов атындагы сейил бак каралбай, айланасына таштанды толуп кеткени айтылат.
"Министрликке сейил бакты иретке келтирүү боюнча мыйзамдуу буйрук кагазы тапшырылган. Бирок ведомство аны аткарган эмес. Сейил бактын абалы мурдагыдай эле абалда калган. Анын негизинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигине санитардык талаптарды аткарбагандыгы үчүн протокол түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Мэрия шаардыктар үчүн санитардык-экологиялык патрул байланышта экенин эскертет: 0 558 588 840.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-08-24 19:01:31
Парктын аты эле болбосо, заты жокко! Минстрлик маданияттуулугун көрсөтсүн, эми бүт баардык артист чоорчуларды чакырып суботник уюштурса тазаланат! Газон эгип сууну тынымсыз коюуп турса жапжашыл көккө айланат!
+2
algakaray
2020-08-24 21:40:35
Качан онолбуз ичин куйот да башка мамлекеттерди коруп.
0
aslonur
2020-08-24 23:06:28
Олчойгон акчага курулган эле бул парк, эми арзыбаган айып пул салды, анан кантип өнүгөбүз?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан