Биз социалдык тармакта

Чүйдө 34 жаштагы эне 3 жашар баласы менен дайынсыз болуп изделүүдө

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 34 жаштагы Маргубахан Сейитова жана анын 3 жашар баласы Данил Сейитов дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы жолу август айынын башында байланышка чыгып, ошондон бери кабарсыз болууда.

Өзгөчө белгилери: Бою 168-170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кара. Кийип жүргөн кийимдери мезгилге жараша.

Ал эми 3 жашар Данилдин бою 70 сантиметр, чачы сары жана кыска. Ал дагы мезгилге жараша кийинип жүргөн.

Кимде-ким сүрөттөгү эне менен баланы көрүп билген болсо, төмөнкү номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш телефону: 0 312 36-35-27, 0312 36-35-23, 0999 21-07-09, 0709 21-18-08, 0 550 34-33-63, 0778 00-09-99.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан