Биз социалдык тармакта

Бишкекте 1-сентябрдан баштап кызыл "Тулпар" карталарын берген пункттардын бири жабылат

1-сентябрдан тарта жеңилдиктер каралган категориядагы жарандар үчүн чыгарылган кызыл "Тулпар" жеңилдик картасынын Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгындагы пункту жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Калган пункттарда - райондук акимчиликтерде кызыл карталар мурункудай эле бериле бермекчи.
"Тулпар" кызыл картасын төмөнкү даректерден алса болот:
  • Ленин райондук администрациясы – Чүй кең көчөсү, 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);
  • Октябрь райондук администрациясы – Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);
  • Свердлов райондук администрациясы – Чүй кең көчөсү, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);
  • Биринчи Май райондук администрациясы – Жибек Жолу кең көчөсү, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет).
Ал эми көк карталарды автобус-троллейбустун айдоочуларынан жана уюлдук операторлордун кеңселеринен алууга болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан