Жалал-Абад шаардык милициясы тоноо иштери менен алектенген деп 3 жаранды шектүү катары кармады. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Арызда 19-август күнү саат 10:00 чамасында шаардын көчөлөрүнүн биринен аны бейтааныш болгон 4 бала Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз жайга алып барышкан. Андан соң аны тапанча такап коркутуп, 2 даана телефонун тартып алып коюшкандыгын билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 45 миң сомдон ашык акчаны түзгөн.
Жогоруда аталган кылмыш окуясы боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары Сузак районунун тургундары 28 жаштагы Т.У., К.С. жана Жалал-Абад шаарынын 26 жаштагы тургуну П.М. кармалган.
Аталган жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы аныкталып, далил буюм катары бир даана тапанча жана 2 даана уюлдук телефон алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, кармалган шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.