Кыргыз өлкөсүнүн бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде үч жол тандабас унаа жүргөн видео "Короче" аттуу телеграмм каналга жарыяланды.
Видеодо көрүнгөндөй, үч окшош жол тандабас унаа көлдүн жээгине чейин кирип барган. Видео көлдүн кайсы аймагында жана качан тартылганы белгисиз.
Бул окуя боюнча Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясына байланышканыбызда, окуя такталып жатканын билдиришти.