Биз социалдык тармакта

"Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калбады". Насыя алуучулар митингге чыгышты

Бүгүн, 24-августта Бириккен улуттар уюмунун алдында нааразычылык акциясы өттү. Анда чогулган элдин бирден бир талабы пандемияга байланыштуу насыянын үстөк пайызын жана үстүнө кошуп төлөнүүчү туумду алып салуу. Аталган акцияга 7 облустун жашоочулары келишкен.

Талаптарга ылайык, алардын маселе боюнча барбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Ошол себептен топтолгондор Бириккен улуттар уюмунун алдына нааразычылык акциясын өткөрүүгө аргасыз болушкан.

Аны менен бирге, насыя төлөөдө кыйналган жарандар "Элет көйгөйү" коомдук бирикмесине кайрылышкан. Аталган бирикменин жетекчиси Марипа Алыйкулованын айтымында, "Ар бир адам арыз жазып, өз алдынча бийликке жете албайт. Ошондуктан өлкө боюнча топтолуп, көйгөйдү өкмөткө чогу жеткиргенге аракет кылабыз", - деген бирикменин жетекчиси.

Ал эми чогулгандардын арасында атайын Таластан келген 73 жаштагы Турдукан Шатманова дагы бар. Ал Коммерциялык банктын 40 пайыз менен насыя бергени, учурда иштебей отурган карапайым эл үчүн өтө эле кыйын экендигин айткан.

"Берсе дагы аз пайызда берсин, эл дагы насыяны зарыл үчүн, муктаж болгондо алып жатат. Карантинде эл айла жок насыя алып жан сакташты да. Мисалы; иштебей үйдө отурган ар бир жаранга мамлекет акчалай жардам берип жатты. Болуптур, бизге антип жардам бере албайт экен, жок дегенде насыянын пайыздарын жоюп берсин, алардын бизге кылган жардамы ошол болсун", - деп кошумчалады Шатманова.

Ошондой эле атайын Ысык-Көлдөн бери келдим деген Эрмек Исраилова аттуу жаран буларга токтолду: "Пандемия учурунда үй-бүлөбүздө жамандык болуп, насыя алгам. Эми аны пайызы менен кошуп төлөй албай жатам, пандемияга байланыштуу иштебейм, колумда ооруп жаткан апам бар. Эч жака чыга албайм, ошол себептүү ушинтип кайрылып отурам", - деген көлдүк тургун.

Коммерциялык банктан насыя алгандар митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
keba300989
2020-08-24 17:26:32
Бизди деле караштырып койсун анда
+1
nurka_85
2020-08-24 20:04:31
Кудай берип эле калыптыр да эми докчуларга. Тойгончо жеп алып , эми башаландык кылып , ызы чуу салып...
-1
rysik79
2020-08-24 21:12:07
Чынында 40% процент өтө эле көптүк кылат. 100миң алсаң 140миң бересиң.
+1
Kyrgyz40
2020-08-24 21:51:52
rysik79,40% болсо 100000сомго 23000сом кошулат,
-4
Mister-X
2020-08-25 18:33:44
Kyrgyz40,Математиканы жакшы окуш керек эле.23% эмес 40% деп турат го.Демек 140 мин толойсун.
0
abusait
2020-08-25 11:39:06
Башында жуз жолу ойлонуп коруп анан алышпайбы? Банк деген Бир тууганын эмес кечикитирип же кечип жибергидей . Ач каллмак тугул олуп баратсан да карыз же кредит алба. Менин жеке принцибим ушундай . Буга чейин деле карызын толой албай , опко боорун сатам дегендер болгон. Ошондуктан менимче ач кулак тынч кулак
эле журуш керек .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан