Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүндө жол кырсыгы катталып, бир жаш кыз каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"Саат 15:20 чамасында Чолпон-Ата көчөсүнүн ИИМдин академиясынын тушунан Субару Легаси үлгүсүндөгү автоунаа менен Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктан 1 жаш кыз каза болду.
Азыркы учурда Милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.