Бишкекте 3 милиция кызматкери 3 килограмм алтын уурдаганга шектелүүдө

ИИМдин алдындагы баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери алтын уурдаганга шектелүүдө.

"УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү кызматкерлер июль айында баңгизатты жана баалуу металлдарды мыйзамсыз айланткан ишке катышы бар адамдарды кармашкан. Алар пайда табуу максатында башка жарандар менен келишим түзүп, үч килограммдан ашык алтын уурдашы мүмкүн. Баалуу металлдар шектүүлөр кармалгандан кийин тергөө иштери жүрүп жаткан жерден табылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурдоо" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал эми шектүү кызматкерлер К.И., С.А. жана К.Б. 22-августта кармалды. Тинтүү учурунда алардын иш бөлмөлөрүндө мыйзамсыз сакталып турган баңгизат табылган. Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shekeev969798
2020-08-25 09:57:44
Милицияда таза иштеин дегендерди ушинтип камап турушат)))
+1
Jibakana
2020-08-25 10:20:49
Кулкун келет ай ишенген кызматкерлерибиз ушинтип жатканда,депутаттарды жон эле койсок болчудай
+6
Taalaibek.
2020-08-25 10:34:01
Колдорунан келбейт го буларды камаш. Камап эле коюуш эмес суйлой да албайт болуш керек.
+2
muku.85
2020-08-25 11:55:43
Бизде кой кайтаргандар баары карышкырлар ишенип ошолорго кайтартып атабыз шордуу элим
+4
XATSAN125
2020-08-25 13:34:15
Жакшылап карасанар бут баарынан чыгат
+2
fora
2020-08-25 13:47:08
УКМка менен болушбой койгон окшойтго чамасы
+3
abusait
2020-08-25 15:02:57
Бирин бири чукуган эле милийса. Кимисине ишениш керек? Чын эле уурдаган десен , иш ордуна бекитмек беле алтынды? Подставага окшоп турат.
+1
nazira...
2020-08-25 18:38:06
Булардын колунан нелер гана келбейт. Арам акчага конуп калышкан экен да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан