ГЭС-2 айылы жактан жаш баланы унаа сүзүп, ал ооруканага жетпей каза болду

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеңил унаа болжол менен 13-14 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 24-августта болгон.

"Жеңил унаанын айдоочусу Бишкек-Кордай жолу менен бара жатып, ГЭС-2 айылы жактан велосипедчен баланы сүзүп алган. Жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Учурда айдоочу кармалып, унаа айып короосуна токтотулду. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TIMON_BERKOWITZ
2020-08-25 08:43:12
Же өкмөт велодорожка жасабады, же тратуарда жүрө турган кылбады. Жөн жерден эле айдоочулар камалууда. Велосопедчилер түз айдашпайт экен да. Оңго солго чыгып турушат экен.
0
Kol88
2020-08-25 11:23:23
Кұнөөнүн баары айдоочуларда! Өпкөсүн колуна кармап алып айдашат, жөн эле учкандай! Жазасын алсын, ардай звер айдоочуларга 15 жыл түрмө да аздык кылат. Байкуш каза болгон баланын Ата-энеси күйүп калды! Сабыр тилейбиз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан