Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Турганбаевдин кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.
Мелис Турганбаев "Замандаш" партиясы менен парламенттик шайлоого аттанат.