Биз социалдык тармакта

Өкмөттүн дагы эки мүчөсүнүн кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду

Өкмөттүн дагы эки мүчөсүнүн кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Адилбек уулу Шумкарбектин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду.

Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

Жалпы 5 өкмөт мүчөсүнүн ыйгарым укуктары токтотулду. Алар вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан