Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-августта саат 09:00 чамасында болгон.

"Хундай унаасы Бишкекти көздөй келе жатып, ВАЗ 2104 унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалган", - деп жазылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоону эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан