Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсү дүйнөдөгү мыкты мамлекеттердин рейтингине бул жолу да кирген жок

Жыл сайын "US News" жана "World Report" басылмасы дүйнөдөгү эң мыкты мамлекеттердин рейтингин жарыялап турат. Кыргыз өлкөсү бул тизмеге киргизилген жок.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Швейцария эң мыкты өлкө болду. Ал эми мыкты 5 өлкөнүн катарына Канада, Япония, Германия жана Австралия өлкөлөрү кирди.

Рейтингде өлкөлөр төмөнкү критерийлер менен бааланган:

- Ишкердикти өнүктүрүү;

- Туристтер арасындагы популярдуулугу;

- Өз жарандарына карата мамиле (адам укуктарын коргоо, экология жана гендердик теңчилик);

- Маданий таасир;

- Өнүгүү потенциалы;

- Тарыхый мурас;

- Аскердик күч;

- Жашоо сапаты.

Белгилей кетсек, быйыл Азербайжан рейтингде 70-орундан 61-орунга көтөрүлүп, Казакстанды (66-орунду) ашып өттү. Рейтингде Орусия 23-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ruslanz
2020-08-25 15:30:31
Кызыксынар, киребиз деп кутуп аттынар беле? Ковид менен ооругандарды дуйнодо бекер даарылап атат, бизде 10миндин тегерегинде кетет экен. Бул толтура мисалдын бири эле. Бизди арткы олколордун арасынан издеш керек.Окунчтуусу баягы эле жегичтер тойбой кайра бийликке умтулуп атканы.
+7
Tyty1990
2020-08-25 20:16:09
Дагы жүз жыл кирбейт.
0
algakaray
2020-08-25 22:53:12
Ошон учун эски жеп жутаарларды шайлабагыла!
+1
Raihan0602
2020-08-26 08:30:06
Мыкты өлкөлөрдүн катарына качан кирээр экенбиз чыдамсыздык менен күтөбүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан