Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-август күнү "Тёплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен.
Бүгүн, 25-августта дагы издөө иштери уланууда. ӨКМдан жалпы 32 куткаруучу тартылган.