Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министринин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары кызматы киргизилгени айтылды

Саламаттыкты сактоо министринин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары кызматы киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта онлайн брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Пандемия маалында саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө бейтаптар боюнча маалыматтарды тезинен иштеп чыгып, мониторинг жүргүзүүдө көйгөйлөр чыкты. Ошондуктан саламаттыкты сактоо министринин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары кызматы киргизилди. Учурда өкмөт порталдарды өркүндөтүү, Бирдиктүү маалыматтар базасын толук кандуу ишке киргизүү жана башка бир катар кеңири масштабдагы маалыматтык технологияларды киргизүүнү аягына чыгарууну көздөп жатат", - деди Кубатбек Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан