Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда жалпы 10 чакырымга жакын ички жолго асфальт төшөлдү

Баткен облусунда жалпы 10 чакырымга жакын ички жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйылкы 2020-жыл ичинде облус боюнча жалпы 18 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган болсо, бүгүнкү күнгө 9,6 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүткөн.

"Бул ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоо жумуштары үчүн республткалык бюджеттен 65 миллион сом каралган болсо, учурда анын 42 миллион 500 миң сому каржыланды.

Региондорду өнүктүрүү боюнча республикалык бюджеттин эсебинен, райондун борборлорунда жылына үч чакырымдан аз эмес ички жолдор асфальтталып, оңдолууда. Азыркы күндө курулушу жана реконструкция жумуштары аяктаган жолдор Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсү, Кызыл-Кыя шаарынын Маековская, Масалиев көчөлөрү, Баткен районунда Сох-Газ автожолу, Исфана шаарында Андарак-Көк-Таш, Гордой-Кекире жолдору, Айдаркен шаарында Кыргызстан-Асаева, Сүлүктү шаарында Бакыбек атындагы көчө, Лейлек районунда Самат-Замборуч-Жаркыштак жолу Кадамжай районунда Металлург-Северная, Кыргыз-Кыштак айылыныда жана Халмион-Таш –Дөбө жолдору", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Brilant-zhylan
2020-08-25 17:27:09
Тим эле кыйратып жатасынар былтыры бузгансынар ондойбуз деп 1жылдан бери жатат ондолбой кочолор чан эл чан жутуп буттуго кичине ойлонсонор кок мээлер
+1
Nestana95
2020-08-25 17:34:42
Ооо жазап салышыптыр го КЫЙРАТЫП!Нарында мен жашаган айылга чейин жасап атат.Эми жасаганын корсонор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан