Биз социалдык тармакта

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында 40ка жакын капиталдык курулуштар ишке ашырылды

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында 40ка жакын капиталдык курулуштар ишке ашырылып келет. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, акыркы үч жылдан бери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы №5 токтому менен бекитилген өзгөчө статусу бар, айрым чек ара аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү максатында иш-чаралар планы ишке ашырылып жатат.

Бул иш-чарага Баткен облусунан жалпы 29 объекттин курулушу кирген. Анын 20сы Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы, 9 тийиштүү мамлекеттик мекемелер аткарууга алган. 29 объекттин 1 делимитация жумуштары аяктаган чек ара тилкесинде тосмолорду куруу, 5 сугат суу объектилери, 3 бала бакча, 4 электр линияларын куруу, 3 ФАП, 7 капиталдык оңдоп-түзөөлөр, 1 ӨКМ бөлүмү, 1 жолдун курулушу, 1 суу жээктерин бекемдөө иштери, 1 спорт зал, 1 таза суу объектиси.

Бул жумуштар үчүн республикалык бюджеттен жалпы 195 миллион сом каражат жумшалды. Ал эми чек арага жакын аймактарда жайгашкан Баткен облусунун калктуу конуштарында социалдык объекттердин, транспорттук инфраструктурасын жана ирригациялык курулмаларын куруу боюнча Кыргыз өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-майындагы 140-буйругу аткарылып келет.

Анда мамлекет тарабынан 220 миллион сом каражат бөлүнүп, Көк-Таш–Ак-Сай-Тамдык жолунун жана Ак-Сай–Рават жолдорунун курулушу, Ак-Сай айылындагы Бакай участкасына сугат суу жеткирүү, Ак-Сай айылындагы Ходжаев мектебин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына бала бакча куруу боюнча иш-чаралар аткарылып келүүдө. Мындан сырткары республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар беренеси боюнча Баткен районунун чек арадагы Орто- Боз айылында 150 орундуу, Үч-Дөбө айылында 225 орундуу мектептердин курулушу жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
u02u02
2020-08-25 23:05:33
Лейлекти да карап койгулачы садаган кетейиндер!
+2
futboler
2020-08-26 12:32:45
Көбүрөөк таш төгүп бергиле, түгөп бара жатат. Эл өзү коргоп алат чек араны, силер шайлоодон башыңар чыкпай жүрө бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан