Бишкектин Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын кызыл өңү күйүп турганда, жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган жаранды унаа коюп кетти. Маалыматты патрулдук милициядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-август күнү саат 13:40 чамасында болгон.
Ал эми кырсыктын видеосун блогер Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Кырсыктан жабыркаган жаранды "Тез жардам" кызматы Улуттук госпиталга алып кетишкен.