Биз социалдык тармакта

Спорт агенттигинин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Мирлан Пархановго жүктөлдү

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу Мирлан Пархановго жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген. Тийиштүү чечимге премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Буга чейин агенттиктин директору Канат Аманкуловдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу 4-октябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан