Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда биринчи күндүн жыйынтыгында командалык эсепте эркин күрөш боюнча Кыргызстан 9 упай менен 9-орунду ээледи. Биринчи орунда Орусия 24 упай менен, Иран 20 упай менен 2-орунда жана Грузия 13 упай менен 3-орунда. Эске салсак, жалпы командалык эсепте 10 мыктынын катарына кирген команда Дүйнө Кубогуна катышуу укугун алат. Ал эми командалык эсептин жалпы жыйынтыгы 18-сентябрь күнү, 74 килограмм салмактагы балбандардын күрөшүнөн кийин аныкталат.