Жогорку Сот: "Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулуна мунапыс колдонулду"

Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулунун кылмыш иши кайрадан каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурунку депутаттын жактоочусу жаңы ачылган жагдайлардын негизинде ишти кайрадан кароого арыз менен кайрылган. "2019-жылы 15-ноябрда Дамирбек Асылбек уулуна байланыштуу Жогорку Соттун токтому өзгөртүлгөн. Ал "уюшкан кылмыштуу топ түзүү" беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. "Экономикалык контрабанда" беренеси боюнча 3 жыл эркинен ажыратылган. Ал "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына карата амнистия жөнүндө" мыйзамына ылайык бошотулган", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Дамирбек Асылбек уулу 19-августта абактан чыкканы белгилүү болгон.

Былтыр 24-апрелде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны "улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө", "экономикалык контрабанда" беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан. Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө 18-ноябрда экстрадицияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан