Кечээ, 25-августта Чаткал районунун Ак-Таш айыл аймагынын Кызыл-Алма тилкесинде Чаткал дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, жерине 5 ӨКМнын №81 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, болжол менен 25-30 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.