"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө жана тротуарларына себүү үчүн туз камдап жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күз-кыш мезгилинде тазалоо иштери 1-ноябрдан баштап март айынын башында жыйынтыкталат.
"25-августка карата ишкананын кампасында 1 миң 216 тонна туз бар, анын ичинен 543 тонна жакында алынды, 673 тонна өткөн жылдан калган туз. Кыш мезгилине 6 миң 500 тонна туз даярдоо пландалууда. Жолдорду кардан жана муздан 26 бирдик атайын техника тазалайт", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.