25-август күнү саат 07:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Алыш айылында 1955-жылы туулган эркек киши мал кайтарып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Нарын шаардык №16 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 35 адам тартылып, издөө иш-чараларынын натыйжасында, аман-эсен табылып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берилген. Абалы туруктуу", - деп билдиришти ӨКМдан.