Баңги заттарга каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башчысы кармалды

УКМК ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысын кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин ИИМдин алдындагы баңги затты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын үч кызматкери кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү кызматкерлер июль айында баңги затты жана баалуу металлдарды мыйзамсыз айланткан ишке катышы бар адамдарды кармашкан. Алар пайда табуу максатында башка жарандар менен келишим түзүп, үч килограммдан ашык алтын уурдашы мүмкүн экенин билдирген.

Учурда УКМКнын тергөө кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Ал эми кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан