Нурадил Баясов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Ошондой эле Нурадил Баясовго агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулунун кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.