Москва районунда адамдын денесине оор жаракат келтирген деп шектелип 35 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунун Москва районунда адамдын денесине оор жаракат келтирген деп шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

27-июль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, эркек киши бычактан жаракат алып түшкөнү маалымдалган.

Айтылган дарекке ыкчам тергөө тобу чыгып, териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда жабырлануучу 41 жаштагы П.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, кылмышка шектелип 35 жаштагы З.С. аттуу жаран кармалган. Окуя ичимдик ичип отуруп, пикир келишпестиктен улам чыкканы белгилүү болуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан