Биз социалдык тармакта

Жабыркаган карыя: "Мен аны урат деп ойлогон эмесмин, бир маалда эле тарс эттире бир койду" (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыяны сабаганга шектелген жаран кармалган. Буга чейин, 14-августта карыяны белгисиз жаран ур-тепкиге алган, окуяга коомчулук нааразы пикирин билдирип жаткан.

Ал эми жергиликтүү телеканалдардын бири жабыркаган Калыбек Исаковдун үйүнө барып, анын пикирин уккан. Анда ал окуя тууралуу мындай деп айтып берген.

"Мен аны урат деп ойлогон эмесмин, бир маалда эле тарс эттире бир койду, жыгылып түштүм, калганын билбейм. Беш балам бар, алар азыр Орусияда. Учурда кызым карап жатат. Уул балага караганда кыз бала ата-энеге камдуу, күйүмдүү болот экен. Мага балдарымдын акчасынын кереги жок, алар тынч болсо болду. Кыргыз эли тынч болсун, өнүгөлү", - деп билдирген жабыркаган карыя Калыбек Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
al-abu-kinesz
2020-08-26 15:39:51
5 баласы???
+2
Jibakana
2020-08-26 16:09:38
Айтканына Караганда балдары коп конул бурбайт окшойт атага...
+5
ilgizk
2020-08-26 16:40:10
Атаны нааразы кылган бала эчкачан жакшылык көрбөйт
+4
portugalia
2020-08-26 17:01:08
Беш уулбу,он уулбу бироосу эле кайрымдуу,боорукер чыгат.
+1
dasa-kgz
2020-08-26 17:39:17
Алганы жакшы чыкса күйпүл күчүк шер болот. Келиндери жакшы чыксын
+1
Dani
2020-08-26 19:11:25
Балдары угуп коруп кантип чыдап отурушат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан