Биз социалдык тармакта

"Көнгөн адат калабы". "Кайнар" ресторанында кайрадан куран окутулду

Бишкек мэриясы санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Кезектеги текшерүүдө "Кайнар" ресторанында санитардык эрежелер сакталбастан, көп адамдардын катышуусунда куран окутулуп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев жана райондук администрациянын кызматкерлери, Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана МАБ кызматкерлери менен биргеликте "Кайнар" ресторанында массалык иш-чара өткөрүлүп жатканда, күтүлбөгөн жерден кирип барышты. Ресторанга Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү", - деп билдиришти мэриядан.

Буга чейин "Кайнар" ресторанында 2 жолу куран окутуу болуп, ресторан белгисиз мөөнөткө жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AdylbekB84
2020-08-26 16:02:11
Штрафты 3 000 сом, 5 000 сом десеңер албетте төлөп коюуп иштей беришетда, 50 000 ден 150 000 ге чейин салсаңар ошондо тыйылат!
+2
i1urp
2020-08-26 16:05:33
Конгон адат калабы эмнс, бизде мыйзам иштебейт. Жакырчылыктын бирден бир себеби мыйзам бизде иштебейт. Бизде по понятиям тушунугу калыптанып калган.
-1
Jaka78
2020-08-26 18:20:27
ал ресторан ээлерине уч миң сом кеппи, өткөрө берет да,бизде закон качан иштечү эле.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан