Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп Каныбек Адиев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Адиев буга чейин министрликтин статс-катчысы болуп иштеп келген. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.
Буга чейин министр Улукбек Кочкоровдун шайлоого катышуу ниетине байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулган.