Белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген куруучусу Бейшенбек Иманалиев бүгүн, 26-августта жүрөк оорусунан улам дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун жердештери кабарлашты. Ал 67 жашта болчу.
Эмгек жолун жогорку окуу жайдан бүткөн соӊ, 1976-жылы куруучулук тармактан баштаган. 45 жылдык үзүрлүү эмгеги Кыргыз өлкөсүнүн курулуш тармагы менен тыгыз байланыштуу болду.
Ал 1996-жылы "Имарат Строй" курулуш компаниясын түптөгөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бейшенбек Иманалиевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.