Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Ташкент шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.
Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын өкмөт башчысы эки өлкө ортосундагы бир катар багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыктын өнүгүп жаткандыгын белгилеген.
Анын айтымында, эки мамлекет жетечилеринин саясий эркине жараша акыркы мезгилде эки тараптуу кызматташууда чоң өзгөрүүлөр орун алган.
"Биздин элибизди көп жылдык достук жана коңшулук мамилелер бириктирип турат. Биздин милдет – достук мамилебизди, өз-ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоону улантуу, экономиканы өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу. Коңшулаш бир тууган элибиздин бакубаттуулугу үчүн чек ара маселелерин чечүү болуп саналат", - деген Акрам Мадумаров.
Министрлер эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ишин жемиштүү өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана чек ара кызматташтыгы маселелери талкуулангандыгы айтылат маалыматта.